Биз менен байланышыңыз

Депутат Кыргызстанда муз ордосун курууну сунуштады

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 922 | 0

Кыргызстанда муз ордосун куруу керек. Бул тууралуу депутат Орозбек Алыбаев парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда өлкөдө 30 хоккей клубу бар, алар чет өлкөгө чыгып жакшы жетишкендиктерди көрсөтүшүүдө.

Спорттун бул түрүнө болгон кызыгуу артып жатканы менен ага шарт түзүлгөн эмес. Жаштардын хоккей менен машыгып, эл аралык аренада өлкөнү таанытышы үчүн муз ордосун куруш керек.

Copyright © 2017 Maral FM