Биз менен байланышыңыз

Экономика: төмөн, бирок күтүлгөн көрсөткүч

Экономика | 24 Окт 2018 | 1342 | 0

Үстүбүздөгү жылы өлкөнүн экономикалык көрсөткүчү төмөндөдү. 9 айдын жыйынтыгы менен пландалган 2,8 пайыздын ордуна 2,4 пайызды түзө турганы айтылды.  

Эл аралык валюта фонду 2018-жылы Борбор Азияда экономикалык көрсөткүчү эң төмөн өлкө Кыргызстан болорун болжоп жатат.  Бирок азырынча толук жыйынтыктты жарыялай элек. Экономика министрлиги дагы бул жылы экономикада төмөндөөлөр байкалганын айтууда. Тогуз айдын жыйынтыгы менен «Кумтөр» кенин эсепке албаганда, экономикалык көрсөткүч 2,4 пайызды гана түзгөн. Болжолдоп жаткан учурда 2,8 пайыз деп көрсөтүлгөн болчу. Мындай акыбалды Экономика министрлигинин макроэкономика башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев  алтын өндүрүү басаңдай түшкөнү менен байланыштырат.

Экономикада дал ушундай көрсөткүчтөр болорун мурдатан эле болжогонбуз. Көрсөткүчтүн төмөндөшү «Кумтөр» кениндеги өндүрүштүн планына байланыштуу. Себеби өндүрүш планы жайга чейин казылып алынат дагы күзүндө ал кенди кайра иштетип алтын чыгарат. Бирок жылдын аягына чейин жалпы алтындын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу аз болот. Ал эми калган секторлордо өсүү бар. Айыл чарбасы 2,4%ды, курулуш тармагы 7,2%ды, тейлөө тармагы 1,8%ды көрсөттү. 

Министрликтин маалыматы боюнча, Кумтөр былтыркы жылы 17 тонна алтын өндүргөн. Быйыл анын көлөмү 2 тоннага аз болору айтылууда. Ошону менен жалпы экспортун дээрлик 30 пайыз түзөт. Эксперттер алтынды эске албаган күндө дагы башка тармактарда жылыштар жок экенин айтууда. Мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев мунун бир катар себептерин атады.

Ушул жылдагы тогуз айдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 1,2 пайызды түздү. Бул абдан төмөн. Чынын айтканда, сегиз айдын ичинде эч кандай өсүш болгон жок. Албетте, бул кырдаал биздин инвесторлорго мамилебизди көрсөтүп турат. Өлкөнүн экономикасы түздөн-түз инвесторлордон көз каранды. Жарым жылдык жыйынтыкта былтыркыга салыштырмалуу 122 млн доллар же 33 пайыз акча чыгып кеткен.

Анткен менен, бул көрсөткүчтөрдөн экономист Кубанычбек Идинов өкмөттөгү жана статистика комитетиндеги ачык маалыматты көрүп турат. Мындай көрүнүштү буга чейин көбөйтүлүп келген фактылардын токтотулганын гана натыйжасы катары баалды.

Экономиканы көтөрүүдө өкмөттүн аракети бар. Жылыштар байкалат. Болушунча ачык иштегенге аракет кылып жатат. Бул жерде айрым көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү дагы ошондон болуп жатат. Буга чейин көрсөткүчтөр жогорулатылып көрсөтүлүп келген болсо, коррупцияга каршы күрөш башталгандан кийин Улуттук статистика комитети кошуп жазганын токтотту. Текшерүү бизге дагы келип калса деген кооптонуу аларда дагы пайда болду.

Ошону менен бирге экономиканы көтөрө турган тармактар пайдаланылбай калып жатат. Маселен, дан эгинин Кыргызстан гектарынан 25 центнер гана алат.  Ушул эле аянттан  коңшу Өзбекстан 50 центнерден түшүм жыйнайт.

Бул маселелерди жөнгө салуу үчүн тез арада мамлекеттик органдарга реформа кылышыбыз керек. Ал Бажы жана Салык кызматтарына киргизүү зарыл болуп турганын Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрага орун басары Дастан Бекешов айтты.

Бул жерде ачык эле айтыш керек. Биз ЕАЭБге киргенден кийин кээ бир маселелер чечилгени менен айрым көйгөйлөр тескерсинче пайда болду. Ошондуктан азыр биз мамлекеттик органдарды реформа кылышыбыз керек. Өзгөчө Салык жана Бажы кызматтарында тезинен жасалууга тийиш. Болбосо экономикада өсүш таптакыр байкалбайт. Аны чечүү үчүн өкмөттү кетирүүдөн деле пайда жок.  

Ошондой болсо дагы Эл аралык валюта фонду келерки 2019-жылы Кыргызстандын экономикасында өсүүлөр күтүлгөнүн маалымдайт.

Ал эми  өкмөт келерки жылы экономикалык өсүш дагы төрт пайызга жогорулай тургандыгын айтууда. Курулуш тармагы 11 пайыз, айыл чарбасы 3 пайыздан ашары күтүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM