Биз менен байланышыңыз

Экспортко бут тоскон ЕАЭБ

Экономика | 24 Окт 2018 | 1338 | 0

Түшүм жыйноо мезгилинде товарды чет өлкөгө экспорттоо маселеси кайрадан курчуду. Бүгүн картошканын баасы арзандап, дыйкандар эмгеги күйгөнүн айтып нааразы болушууда.

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев 23-октябрь күнү президенттин кабыл алуусунда болгон. Министр өзү анда картошка боюнча маселе көтөрүлгөнүн, күзгү оруп жыйноо жана айдап сезүү боюнча жүрүп жаткан иштер туурасында маалымат бергенин билдирди.

Негизи, жаңы Баш мыйзам боюнча чарбалык иштерди өкмөт тескеши керек элек. Бирок президенттин картошка маселеcине аралашып жатканы бул тармакта абал курч турганын айгинелейби?

Анткен менен, Улуттук статистика комитети 2018-жылдын тогуз айында кыргыз экономикасынын экспорту 4,9 пайызга азайганын, ал эми импорт 15 пайызга көбөйгөнүн белгиледи.   Анын ичинде айыл чарба продукциясын өзүнчө алып карасак, 25-30 пайызга чейин түштү. 2018-жылдын жети айына алынган маалыматты Экономика министрлигинин аймактар боюнча башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев айтып берди.

Жалпы айыл чарба продукциянын экспортун карасак,  7 айдын жыйынтыгы менен 110млн долларга экспорт кылдык. Мунун ичинде сүт, эт азыктары, жашылча жана башка азык-түлүктөр бар. Бирок экпорттун көрсөткүчү быйыл азыраак болуп калды. 25-30 пайыздын тегерегинде түштү. Мунун бирден бир себеби — рыноктордун кеңейиши. Буга чейин казактар бизди карап турган болсо, бүгүн Орусия жана Беларусия өлкөлөрүнөн дагы товар алууда.  

Коңшу мамлекеттер мененки атаандаштыкка атамекендик ишкерлер туруштук бере албай келет. Мындай кырдаалдын жыл сайын калталанып, бирок чечилбей келатканын ЖИА Бизнес ассоциациясынын экспорт комитетинин төрагасы  Шумкарбек Муктаров бийлик тараптан туура саясат жүргүзүлбөгөнүнөн көрөт.

Атаандаштыктар тышкы экономикалык саясаттагы сүйлөшүүлөрдүн жакшы болбогонунан болуп жатат. Буга чейин Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда күзүндө картошканы Өзбекстан сатып алат деди эле. Мына эми күз келгенде ал кабардан дайын жок. Өкмөттүн сөзүнө ишенген ишкерлер бүгүн күйүп жатат.

Экинчиден, өлкөдө чыккан продукцияларга дыкат анализ жүргүзүлбөйт жана өндүрүлгөн продукцияны чийки эмес, кайра иштетүү жолу аркылуу аракеттер көрүлбөй келатканын мурунку экономика министри Эмил Уметалиев айтат.  Ушул ыңгайдан биримдик берген буйрукту аткарып отурбастан, улуттук экономиканы көтөрүү сунушун берет.

Экономикабызды көтөрүп элдин турмушун оңдойбуз десек, жогорку бийликтин аралашуусун талап кылбай, ишкердикке болгон эркиндикти кайрадан беришибиз керек. Биз ЕАЭБдин буйругун кыңк этпей аткаруунун ордуна улуттук экономикабызды көтөрүү жөнүндө ойлонгонубуз маанилүү.

Эскерте  кетсек, Кыргызстан экспортко биринчи орунда алтынды чыгарса, кийинки орунда айыл чарба жана текстиль продукциялары турат. Жөнөтүлгөн өлкөлөрдүн тизмесин карасак, Канаданы эсепке албаганда Орусия, Казакстан жана Түркия өлкөлөрү алдыда.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM