Биз менен байланышыңыз

Башкы дарыгерлерди бир мөөнөткө дайындоо сунушталууда

Ден соолук | 24 Окт 2018 | 1304 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев медициналык мекемелердин башкы дарыгерлерин бир мөөнөткө дайындоону сунуштап жатат. Ал азыркы күндө айрым башкы дарыгерлер көп жылдан бери бир ордунан жылбай иштеп жатканы менен жыйынтык чыкпай келерин айтат. Ошол себептүү айрым чектөөлөрдү киргизүүнү туура көргөн.

Нормативдик документтерди иштеп жатабыз. Биздин эмгек кодесинде жаш курагы жана мөөнөтү боюнча чектөө жок экен. Азыр ошолорду карап жатабыз. Мисалы, көп жылдан бери бир эле жерде башкы дарыгер болуп отургандар арбын. Тартип киргизүү зарыл. Жада калса, президент бир эле мөөнөткө шайланып жатпайбы, а эмне үчүн башкы дарыгер ошол жерди ээлеп алышы керек?

Министрдин айтымында, эмгек кодексинде так айтылбагандыктан тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө муктаждык бар. Бирок бул азырынча сунушталып жаткан демилге. 2012-жылдан бери Түштүк аймактык жүрөк-хирургия илимий борборунун жетектеп турган Калдарбек Абдраманов министрдин пикирин колдойт.

Чындыгында, көпчүлүгү дарыгерлерди жумушка алганда акча алып, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгондор бар. Жакшы иш кылбай эле эптеп күн өткөрүп отургандар да жок эмес. Менин оюмча, министр ошолорду айтты. Албетте, аларды тартипке салыш керек. Белгилүү мөөнөт, 5 жыл болобу, 3 жыл болобу коюш керек.

Бирок дарыгерлердин айтымында, бул кесип чоң тажрыйбаны талап кылат. Эгерде ал дарыгер өзүнүн адискөйлүгүн көрсөтүп, учурдагы экономикалык-социалдык кырдаалда оорукананы жакшы башкарып жатса, анда ага чектөө койбой, тескерисинче иштөөсүнө шарт түзүү керектигин айткандар бар. Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев бул кызматта 5 жылдан бери турат. Ал көтөрүлүп жаткан демилгени ар тараптуу кароону сунуштады.

Бул жерде убактысын 5 жыл же 10 жыл деп айтууга болбойт го. Анткени баары тажрыйба менен келет. Башкы дарыгер ошол жерде жакшы тажрыйбасын көрсөтүп, салымын кошуп жатса, анда аны колдонуш керек го деп ойлойм.

Мындай демилге Саламаттыкты сактоо тармагында биринчи жолу көтөрүлгөн жок. Буга чейин көп жылдан бери бир эле жерди ээлеп алган башкы дарыгерлерге чара көрүлүш керек дегендер да болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулованын айтымында, бул демилге ишке аша турган болсо, тажырыйбалуу адистерди жоготуп алуу коркунучу да туулат. Ал үчүн ар бир оорукананын башкы дарыгерине өз-өзүнчө карап, жыйынтык чыгаруу керек.

Жетекчилер эгер ошол мекемеге пайда алып келип жатса, анын 10-20 жыл жетекчи болуп жатканынын зыяны жок. Ал керектүү кадр. Бизде азыр жакшы кадрды, жетекчини тарбиялап алып келүү эң кыйын болуп жатат. Мисалга алсак, Орусиянын башкы балдар дарыгери канча жашка келип, көп жылдан бери бир жерде иштесе да, анын тажрыйбасы жакшы, пайдасы көп. Менин оюмча чектөө койбош керек.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, бул жөн гана демилге катары көтөрүлүп жатат. Учурда тиешелүү документтер даярдалууда.

Copyright © 2017 Maral FM