Биз менен байланышыңыз

Нарын: УКМК жана ӨКМ кызматкерлери батирлүү болушту

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 775 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн курулган жаңы батирлеринин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ар бир үйдүн жашоочулары Президенттин колунан 200 миң сомдук тастыктамаларды алышты. Жаңы үйлөргө бүгүн 24 кызматкер үй-бүлөлөрү менен көчүп киришти.

Өлкө башчысы аларды жаңы конуштары менен куттуктап, УКМК кызматкерлеринен коррупциянын түпкү себептерин жана фактыларын аныктап, аларды тергөө иштерин мыйзамдын алкагында ыкчам жана жогорку кесипкөйлүк менен жүргүзүүсү керектигин белгиледи.

Ал эми ӨКМдин кызматкерлерине кайрылып, ар кандай өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери менен күрөшүү менен гана чектелбей, алдын ала чараларды көрүү, калкты коргонуу чаралары боюнча кабардар кылуу, кырсыкты ыкчам жоюу ишин күчөтүү маанилүү экенин айтты.

 

Copyright © 2017 Maral FM