Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жамангулов «Мегаком» компаниясынын директору болуп дайындалды

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 796 | 0

Акылбек Жамангулов «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматы билдирди.

“Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун мурдагы башкы директору Азат Базаркулов арызынын негизинде кызматтан бошотулду.

Жамангуловду бүгүн Мүлк фондунун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев жамаатка тааныштырды.

Акылбек Жамангулов парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты. Анын бул кызматка талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM