Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык футболчу кыздар Гуам курамасы менен беттешет

Кыска кабар , Спорт | 24 Окт 2018 | 890 | 0

Бүгүн, 24-октябрда футбол боюнча Кыргызстандык кыз-келиндер курама командасы Гуамдын курамасын тосуп алат. Командалар 2019-жылы өтүүчү Азия биринчилигине тандоо турунун алкагында күч сынашат.

Бул этапта Кыргызстан БАЭ, Өзбекстан, Гуам, Мальдив аралдары менен ойнойт. Бул кыргыз футболчуларынын учүнчү беттеши. Биринчи оюнда БАЭнын курама командасын утуп, экинчи оюнда жеңилип калышкан.

Гуамдыктар болсо, биринчи турда Мальдив курамасын 12:0 эсебинде утуп, экинчисинде 8:0 менен Өзбекстанга утулган.

Ошентип, бүгүн борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бетеше турган эки команданын тең эсебинде 3 упайы бар. Беттеш 16:00 дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM