Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө 20 өрт кырсыгы катталды

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 582 | 0

23-октябрда республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министриги билдирди.

Бишкек шаары, Ош, Ысык-Көл облустарында 5, Чүй облусунда 3 жана Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.

Бишкектеги Садыгалиев көчөсүндө “Ауди-80” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп кеткен. Ал электр приборлорун монтаждоо учурунда коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыккан.

Ал эми Өзгөн районундагы Мырзаке айылында жаш балдардын шалаакылыгынан үйдүн короосунда кырсык болуп, сарайдын чатыры жана 2 тонна чөп өрттөнүп кеткен.

Ошондой эле, Нарын облусундагы Кенеш айылында ачык аймактагы 7 гектар кургак чөп өрттөнүп кеткен. Азырынча өрттүн чыгыш себептери аныктала элек.

Copyright © 2017 Maral FM