Биз менен байланышыңыз

Будапешт: Кыргызстандык балбан кыздар медалсыз кайтышты

Кыска кабар , Спорт | 24 Окт 2018 | 1098 | 0

Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча дуйнө биринчилигине катышкан кыргызстандык кыздар курамасы байгеден куру калышты. Кыргызстандын атынан 68 кг салмак ченинде курөшкөн Мээрим Жуманазарова 1\16 финалында венгриялык атаандашын жеңип, 1\8 финалда италыялык балбанга 6:5 жыйынтык менен жеңилип калган.

Ал эми 76 кг салмакка чейинки ченде күч сынашкан Айпери Медет кызы 1\16 финалында кытайлык атаандашына утулуп, медал үчүн күрөшүү укугунан ажырады.

Айсулуу Тыныбекова бул турнирге машыктыруучу катары барып, мелдешке катышкан жок.

Эске сала кетсек, аталган биринчиликте кыргызстандык эркектердин курамасы да бир дагы медалга жетишкен эмес.

Copyright © 2017 Maral FM