Биз менен байланышыңыз

Бүгүн базар баасы кандай?

Экономика | 23 Окт 2018 | 2858 | 0

Дыйкандар быйыл түшүм мол болгону менен баалар төмөн деп жатышат. Мындан улам биз борбор калаадагы базарлардын бирине барып, азык-түлүктүн, мөмө-жемиш, жашылча-жемиштин баасын билип көрдүк. Сатуучулардын айтымында, айрым айыл чарба продукциясына суроо-талап төмөн болуп, бирок көп түшүм алынгандыктан жолдо отуруп саткандар көбөйүп, базарга келип алгандар аз. Ошондуктан алып саткандар арзан сатууга аргасыз болуп жатышканын айтышууда.

Алсак, картошканын баасы азыр базарларда 13 сомдон бааланууда. Бирок алып саткандар кардарды жоготпоо үчүн 9 сомдон алган картошкасын 10 сомго сатууга да даяр.

Дыйкандардан 9 сомдон алып, жол киресин кошуп 13 сом деп жатабыз. Бирок аны алышпайт . Ошого 11 сомго беребиз. Соода жакшы эмес. Азыр көчөдө саткандар да көбөйдү. Анын үстүнө маркетте бизден арзан сатышат экен. Ошого бизге эл келбей жатат.

Ал эми помидорлор азырынча жергиликтүү дыйкандардыкы болгондуктан арзан. Килограммы 25-30 сомдон сатылып жатат. Бадыраңдар болсо күнөсканада өстүрүлүп, 50 сомдон сатылып жатат.

Бадыраң күнөсканада өскөндүктөн 50 сомдон сатылып жатат. Помидорлор болсо 35 сомго чейин. Сырттан келсе алар кымбаттайт. Бизде эми баалар ар кандай болуп турат. Эгер түшүм жакшы болсо төмөндөйт да. Бирок соода жакшы эмес.

Ал эми мөмө-жемиштин баасы сатуучулардын көз карашы боюнча канааттандырарлык. Бирок кардар жок.

-Алмалар сортуна жараша бааланат. Эң жакшысы 60 сомдон. Алмуруттар 50-65 сомдон. Жүзүмдөр да ар кандай. Кара жүзүм 75 сом, актары 60-65 сом.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков дагы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алып, бүгүнкү күндөгү айыл чарба продукциялары сатылбай жатканын сынга алган. Анда министр ноябрдын ортосунан баштап, баалар көтөрүлөрү күтүлүп жатканын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM