Биз менен байланышыңыз

Мамкаттоо паспорттордун бланкына 1,2 млрд сом жумшайт

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 739 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттордун бланкына 1,2 млрд сом жумшайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылдын соңуна чейин биометрикалык чет өлкөлүк паспорт бергенге өтүүнү көздөп жаткан. Андан улам январь айында жаңы жабдууларды алып, жаңы документтердин эскиздерин жарыялаган.

Жаңы чет өлкөлүк паспорттун 40тан ашуун коргоочу элементи болот. Аны менен катар, визалык беттердин саны иш сапарларына жана саякаттоого көп чыккандар үчүн 50гө чейин көбөйтүлөт. Ал эми калган жагдайлардагы жарандар үчүн 34 бет менен чектелет.

Copyright © 2017 Maral FM