Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Өспүрүмдөр колониясындагы кыйноо фактыларына чара көрүлүүдө

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 564 | 0

Жашы жете электердин колониясындагы балдарга көрсөтүлүп жаткан кыйноолорго көңүл буруу керек. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты.

Анын айтымында, жакында гана Вознесеновка айылындагы №14 жашы жете электердин колониясына барганда кыйноо фактыларына күбө болушкан.

“Бул маселени чечүү үчүн Акыйкатчы институту, мамлекеттик жаза аткаруу кызматы, Ички иштер министрлиги тиешелүү чараларды көрүүдөбүз,” — деп белгиледи акыйкатчы.

Ошондой эле, прокуратуранын кызматкерлери да иш алып барып жаткандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM