Биз менен байланышыңыз

Трамп Кытай менен Орусияны өзөктүк курал менен опузалады

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 1012 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөсүнүн өзөктүк дараметин күчтөндүрүүнү чечти. Бул тууралуу ал журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Трамп бул кадамын Кытай менен Орусияга карата басым жасоо максатында таштаганын билдирди.

“Бул коркунучту ким бул оюнду ойногусу келип жатса, ошолорго багыттайм. Өзгөчө 30 жыл мурдагы келишимдин эрежелерин такыр сактабай жаткан Орусияга. Биз болсо аталган келишимди так сактоодобуз”,-деди Трамп.

Анткен менен орус тарап келишимди бузууну каалап жаткан дал ошол АКШ экенине ишендирүүдө. Себеби буга чейин эле Америка бийлиги аталган келишимден чыгуу ниетин билдирип келген.

Бул апта АКШ лидеринин коомдук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Орусияга келип, 1989-жылы Горбачёв менен Рейгандын кол коюусу менен бекемделген келишим тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.

Бул келишим эки өлкө ортосунда кыска жана орточо узактыкка кетүүчү согуштук ракеталарды өндүрбөө тууралуу болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM