Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңеши ӨКМдеги коррупциялык коркунучтарга каршы планын бекитти

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 791 | 0

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги коррупциялык коркунучтарды жоюу боюнча план бекитти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев аталган министрликтин системасындагы коррупциялык коркунучтарды жоюу үчүн андагы бир катар процесстердин жана автоматташтыруунун маанисин белгиледи.

Талкуунун натыйжасында, жумушчу топтун мүчөлөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги коррупциялык коркунучтарды жоюу боюнча деталдуу планды бекитишти.

Ошондой эле алар министрликте коррупцияга каршы пландуу иш-чараларды ишке ашырууда кандайдыр бир жылыштар болгонуна карабастан, алардын аткарылыш мөөнөтүн бузуу байкалып жатканын белгилешти.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Коопсуздук кеңешинин эксперттик тобу министрликтин системасында 37 коррупциялык коркунучту аныктап чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM