Биз менен байланышыңыз

Депутаттардын «боорун ооруткан» 1-борт

Коом | 22 Окт 2018 | 1185 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин өлкө президентинин учагын жаңылоо боюнча сунушу коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан кези. Анда эл өкүлү өлкө башчысынын эски учакта жүргөнү же эл менен катар учканы анын коопсуздугуна доо кетириши мүмкүн экенин айткан.

— Президент катардагы жарандар менен учуп жүрөт. Буга кубанууга кажет жок. Себеби анын коопсуздугун ойлонуу зарыл.

Маалыматка ылайык, учурдагы 1-борт дагы 10-15 жыл мурда Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан белекке берилген. Мындай учак азыр өндүрүлбөй калган.  Бирок депутат учакты кимден белекке суроого болорун да кыйыткан.

Араб мамлекети бар, Кытай бар. Достук катары алсак болот да. Сүйлөшүүлөр жүргөн жокпу?

Жадагалса, Орусиянын массалык маалымат каражаттары “Кыргызстандын президентине учак керек. Путин, белекке бер” деген тема менен бул окуяны шакаба ирээтинде да жазып чыгышты.

Жарандык авиация жана укуктук колдоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн башчысы Алымбай Абакировдун айтымында, учурда бир учактын баасы 100 млн доллар турат. Азырынча мындай баага жеке менчик компаниялардын да, мамлекеттин да чамасы жетпейт. Эң оңою, белекке алуу экенин билдирди.

Аны 15 жыл мурда Путин белекке берген. Көп болду. Эми жаңылоонун эки жолу бар. Биринчиси, өкмөт өзү алыш керек же экинчи жолу дагы, Путинден белек күтүш керек. Азыр мамлекеттин да, жеке компаниялардын да чамасы жетпейт.

Деген менен, эл өкүлү Исхак Пирматов кесиптешинин демилгесин колдоп, өлкө башчынын учагынын эскилиги жеткенин айтты. Эл өкүлүнүн оюнда колдонулган учакты лизинг жолу менен да алууга аракет кылуу керек. Бул иш боюнча өкмөт ойлонуусу зарыл.

-Ал учактын эскилиги жеткен. Жаңылоого муктаждык бар. Сөзсүз нак акчага алыш керек деген сөз жок. Лизинг менен алса болот. Балким, 10 жылдык учактар арзан болушу мүмкүн. Муну өкмөт ойлонсун.

Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун  Ошко үй-бүлөлүк иштери менен жана Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка рейс менен учканда көпчүлүктүн колдоосуна алынган.

Бул маселе боюнча элдин да пикирин угуп көрдүк:

Ал негизги киши. Өлкө намысы үчүн алыш керек.

-Жөнөкөйлүк дайыма жеңген. Анын үстүнө мамлекетибиз өзү карызга батып турса…

-Алыш керек. Биз азыр эл менен жүрөт деп сыймыктанып коёбуз, а чет өлкөгө байкуш өлкө катары көрүнүп жатабыз да.

-Президент болсо эмне болуптур. Роза Отунбаева деле катардагы учакта эле жүрбөдүбү эле. Эми өздөрү билишет да.

Өлкө президентинин катардагы учакта эл менен учканын айрымдар сыймык катары белгилеп, социалдык баракчаларда байма-бай жарыялап жазганы бар. Деген менен, айрымдар чет өлкөлөрдө бул кадимки эле көрүнүш экенин айтышат. Маселен, Финляндиянын мурдагы президенти Тарья Халонен катардагы учак менен сапарга чыгып жүргөн. Ал эми Латвиянын мурдагы президенти  Андрис Берзиньш дагы жеке учагы болушун каалабай, эл менен учуп жүргөн. Ошондой эле 2017-жылы Молдованын президенти кадимки рейс менен Москвага келгенин күбөлөр тартып алып, интернетке жайгаштырышкан.

Copyright © 2017 Maral FM