Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки талаштуу аймак талкууланды

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 590 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселелери боюнча түзүлгөн өкмөттөр аралык жумушчу тобу Өзбекстандын Наманган шаарында 15-21-октябрь күндөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине таянып жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Фергана менен Баткен облустарынын аймагындагы Шахимардан тилкеси жана Наманган менен Жалал-Абаддын ортосунда жайгашкан Кандион-Булок тилкелери боюнча тактоо иштери жүрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протокол түзүлдү.

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 1100 чакырымы такталган.

Copyright © 2017 Maral FM