«Кыргызаэронавигация» ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза болду. Бул тууралуу аталган ишкананын аппарат жетекчиси Өмүрбек Шамбетов «Маралга» билдирди.
Анын айтымында, 21-октябрда “Лексус” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышып, айдоочулар айтыша кетишкен. Айтышуу мушташууга чейин чоңоюп, Жакыпбаев башы менен жерге кулап түшүп мерт болгон.
Маматназар Жакыпбаев «Кыргызаэронавигация» ишканасында 5 жылдан бери иштеп келген. Анын артында 3 баласы калды.
Кесиптештеринин айтымында, Жакыпбаев буга чейин эч ким менен мушташып, чыр-чатакка барган эмес.