Биз менен байланышыңыз

Кеминдеги жол кырсыгында бир киши жана 3 айлык бала каза болду

Кыска кабар | 21 Окт 2018 | 893 | 0

Чүй облусунун Кемин районунда “Toyota Harrier” жана “Mercedes Benz” унаалары кагышып кырсык болду. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Бул кырсыктан улам “Toyota Harrier” унаасында бараткан киши жана үч айлык бала каза болгон. Ошондой эле, бир канча адам жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Учурда ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, “Mercedes Benz” унаасынын айдоочусу жолдо бара жатып уктап кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM