Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан менен Орусия 27 млрд долларлык келишимге кол коюшту

Кыска кабар | 21 Окт 2018 | 821 | 0

“Өзбекстан-Орусия” аттуу аймак аралык биринчи форумдун жыйынтыгында 785 эки тараптуу келишимге жана меморандумга, жалпысынан 27,1 млрд доллар өлчөмүндөгү келишимге кол коюлду. Бул тууралуу аталган форумдун маалымат кызматы билдирди.

Анын негизинде соода-экономикалык кызматташтык боюнча 600 келишим 1,76 млрд доллар өлчөмүндө, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында 185 келишим 25,3 млрд доллар өлчөмүндө болгон.

Келишимдин натыйжасында Өзбекстанда 79 өзбек-орус ишканалары, 23 жаңы соода үйлөрү, 20  дүн таратуу борборлору ачылат.

Copyright © 2017 Maral FM