Биз менен байланышыңыз

Акчасын банкта сактагандардын саны өсүүдө

Экономика | 20 Окт 2018 | 1595 | 0

Кыргызстанда 30-октябрь күнү Дүйнөлүк жыйым топтоо күнү белгиленет. Бул күнгө карата бир топ иш-чаралар өтөт. Негизи бул күндүн мааниси кандай? Элдин сабаттуулугун жогорулатуу аракеттери тууралуу жөнүндө “Эколикбез” программасында маек курдук. Биздин суроолорубузга Улуттук банктын финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообеков жооп берди.

Марал: Кыргызстанда аманат топтоо күнү эмне максатта белгиленет? Анын алкагында кандай иш-чаралар өтөт?

Эмир Бообеков: Кыргызстанда жыйым топтоо күнү 2015-жылдан тарта белгиленип келет. Себеби Улуттук банк ошол убакыттан бери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча активдүү иш алып бара баштадык. Ошол себептен өлкөдөгү коммерциялык банктар, өнөктөштөрүбүз менен биргеликте “жыйым топтоо” күнүн белгилейли деп турабыз.

Бул иш-чаранын максаты – элди жыйым топтоо маданиятына үйрөтүү, банк системасына элдин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу болуп эсептелет. Анын алкагында көптөгөн иш-чалар уюштурулат. Алсак, мектептерде ачык сабактар өткөрүлүп, окуучулар арасында да конкурстар уюштурулат. Иш чаралардын 30 пайыздан ашыгы аймактарда болот.

Коммерциялык банктарда ачык эшиктер өтөт. Ошондой эле мини тренингдер өтүлөт. 9-октябрдан 25-октябрга чейин окуучулапр арасында эссе жазуу сынагы жарыяланган. Ага 10-11-класстын окуучулары, студенттер катыша алышат. Анын башкы колдоочусу Дос-Кредобанк болууда. Сынактын жеңүүчүлөрү 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин депозит ачууга мүмкүнчүлүк алышат. Жыйынтыгы 31-октябрда чыгарылат.

Мындан тышкары, 28-октябрь күнү “Дордой плаза 2″ соода түйүнүндө финансы жарманкеси уюштурулат. Анда банктардагы кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү экенин көрсөткүбүз келет. Атайын стенттер коюлуп, окуу зоналары, кеңеш берүүчү жайлар да ачылат. Баары акысыз.

Марал: Аманат топтоонун пайдасы тууралуу мектеп окуучуларына арналган да маалыматтар барбы?

Эмир Бообеков: Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн чоң көлөмдө каражат керектелет. Жөн гана ачык сабак өтүп коюу менен жыйынтык чыкпайт. Ошондуктан азыркы учурда негизги категорияларга гана басым жасап жатабыз. Бирок, албетте финансылык сабаттуулук калктын бардык катмарын камтышы керек. Учурда этап-этабы менен иш алып баруудабыз. Жаш өспүрүмдөргө дагы арналган маалыматтар чыгарылууда.

Мисалы, Улуттук банк балдарга арнап “акча алиппесин” чыгардык. Анда сүрөттөрү менен, жеткиликтүү түрдө маалыматтар берилген, 5 жаштан тарта 4-класстагы окуучуларга арналган китеп. Маселен, үй-бүлөлүк бюджет деген эмне, насыя, депозит, пенсия жөнүндө маалыматтар камтылган. Анда сүрөттөрдө балдарга ата-энеси үйрөтө турчудай түзүлгөн, тагыраагы, балдар эле эмес ата-энелерди да үйрөтүүнү көздөйт.

Биз окуу куралын Билим берүү жана илим министрлигинин корутундусу менен аны колдонууга беребиз. Учурда жалпы нускасы 100 минден ашык, анын баары өлкө боюнча таркатылат. Алдыңкы убакытта чоң класстар үчүн да чыгаруу пландарыбыз бар.

Муну менен катар, финансылык сабаттуулуктун элементтерин мектептерде предмет катары, же өзүнчө сабак катары киргизүү боюнча да сүйлөшүү жүргүзүүдөбүз. 2018-жылдан тарта сынамык катары 2 мектеп тандалып алынган. Ал жакшы жыйынтык берсе кийинки жылдан тарта мектептерге да киргизе баштайбыз.

Марал: Аманат топтоодо эмнеге көңүл буруу керек?

Эмир Бообеков: Жыйым топтоо бул абдан жакшы нерсе. Себеби өзүбүздүн, балдарыбыздын келечегин ойлоп, максатка жетүү үчүн чогултабыз. Бирок жыйымды өз алдынча үйдө топтоо бир топ тобокелдиктерди жаратат. Себеби ар кандай кырдаал болуп кетет, же болбосо иштетип салабыз. Ошондуктан биз аманаттарды банктарда сактоону сунуштайбыз.

Марал: Аманат топтоо үчүн жарандын кирешеси канча болушу керек? Аз акча менен да аманат ачуу мүмкүнбү?

Эмир Бообеков: Көпчүлүк учурда жарандар “менин кирешем аз, топтой албайм” деп ойлошот. Ушундай ойдо жүргөн адамдар үчүн да жыйым топтоо күнүндө керектүү кеңештер берилет. Ошондуктан жогоруда айтылган иш-чараларга катышууга чакырабыз. Себеби бүгүнкү тапканыбызды бүгүн эле корото берсек, келечекти ойлобогон болобуз. Айлык акыбыз 5-10 миң сом болсо дагы анын он пайызын топтой берсек, бир жыл ичинде көп эле сумма чыгып калат.

2017-жылдын аягында изилдөө жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгын карасак, Кыргызстанда калктын 78 пайызы акчасын топтойт экен. Салыштырмалуу коңшу өлкөдө да ушундай анализ жүргүзүлүп, андагы көрсөткүч азыраак экен. Бирок бизде финансылык сабаттуулук дагы деле төмөн экендиги аныкталган. Ошондуктан маалымдоону улантып жатабыз. Дагы бир айта кетчү жагдай, Кыргызстанда акчасын банкта сактагандардын саны аз экени маалым болду.

Марал: Бул банктарга ишеним төмөн экендигинен кабар бербейби?

Эмир Бообеков: Ошондой да болушу мүмкүн. Бирок жылдан-жылга ишенимдүүлүк артып келе жатат десек болот. Мисалы, 2010-жылдан берки убакытты алсак аманатчылардын саны 100-500 миндин тегерегинде болсо, учурда 2 млн 400 миң аманатчы бар. Бирок анын ичинде бир эле аманатчы бир канча жерге акча салышы мүмкүн болгон жагдайлар да бар.

Марал: Негизи калктын финансылык сабаттуулугу кандай негизде аныкталат?

Эмир Бообеков: Атайын изилдөөлөр жүргүзүлөт. Буга чейин 2015-жылы жүргүзүлүп, финансылык сабаттуулук боюнча программа ишке кирген. Андан кийин натыйжалары боюнча дагы жүргүзүлгөн. Ал эми 2021-жылдары программма кандай жыйынтык бергенине дагы анализ жасалат.

Азыркы учурдагы кырдаалды айтсак, калктын финансылык сабаттуулугу өтө төмөн деңгээлде. Финансылык сабаттуулукту аныктоодо 7 суроо берилет, анын 4үнө жооп бергендердин үлүшү 17 эле пайызга жетти. Бул төмөн көрсөткүч, дагы көбүрөөк иштешибиз керектигинен кабар берет.

Негизи программа 2020-жылга чейинки убакытты камтыйт. Анын ичинде мектеп программаларына финансылык сабаттуулук элементтерин киргизүү каралган. Ошондой эле жогорку окуу жайлардын студенттери менен да иштейбиз. Мындан тышкары, бир топ иш-чараларды өткөрүп, ЖМКлар аркылуу маалымдап, Финсабат сайтын ишке киргизгенбиз.

Муну менен катар, Улуттук банк атайын стандарттарды кабыл алдык. Себеби учурда финансылык сабаттуулук боюнча ар кандай тренингдер өткөрүлүп келүүдө. Бирок анда кээ бир учурларда финансылык сабаттуулуктун айрым бир жактары айтылбай калышы мүмкүн, же болбосо жарнамалык түрдөгү максатты көздөшү мүмкүн. Ошондуктан атайын стандарттарды негиз катары кабыл алып, окуу программасын иштеп чыктык. Учурда пилоттук түрдө тарката баштайбыз. Алгач Ош облусунда 17 аймак тандалып алынган. Борборлор айыл өкмөттөрүнүн имараттарында болот. Жергиликтүү эл келип, үй-бүлөлүк бюджет, пенсия, аманат топтоо жана башка суроолор боюнча кеп-кеңеш алса болот.

Марал: Алар кандай стандарттар?

Эмир Бообеков: Стандарттар көз карандысыз координациялык кеңеш тарабынан иштелип чыккан. Бир эле мисал келтирсем, насыя тууралуу эмнени билүү зарыл? Ушул сыяктуу жаранга багыт берүүчү негиздер болуп эсептелет. Ошонун негизинде финансылык сабаттуулук боюнча окууларын өткөрүү керек деп жатабыз.

Copyright © 2017 Maral FM