Биз менен байланышыңыз

КСДП: Илмияновдун кармалышы түшүнүксүз

Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 729 | 0

Икрамжан Илмияновдун шоу менен кармалганы түшүнүксүз болууда Бул тууралуу  КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Илмияновдун эч кимден качпаганы жана жашырынып жүрбөгөнү бардыгына эле белгилүү болуп турат.  Буга чейин анын Казанда жүргөндүгү боюнча маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жазылып келген. Тергөө иши саясатташтырылбай калыс жана адилеттүү, ошону менен катар көз карандысыз тергелиши керек. Азыр Биринчи Май райондук сотуна Илмияновдун баш коргоо чарасы боюнча бара жатканын белгиледи.

Мындан тышкары ал бүгүн Икрам Илмияновдун жубайына байланышып, маалымат алганын баса белгиледи. Белгилүү болгондой, жубайы  үйүнө анын жолдошуна байланыштуу эч кандай тергөөгө чакыруу кагазы келбегенин жана телефон чалуу да болгонбогонун билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM