Биз менен байланышыңыз

Байланыш комитети жеке ишканага лицензияны мыйзамсыз берген

Коом | 19 Окт 2018 | 1696 | 0

“НУР Телеком” ачык акционердик коомуна 2 лицензия мыйзамсыз берилген. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 18-октябрда парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты. Депутат аталган комитет кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөп, жеке ишканаларга аукцион өткөрбөй туруп лицензия бергенин белгилейт. Буга байланыштуу депутаттын өзүнө суроо узаттык.

Марал: Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети “НУР Телекомго” 2 лицензияны мыйзамсыз бергенин сиз парламент жыйынында айтып чыктыныз. Так маалыматты өзүңүздөн уксак, эмненин негизинде айтып жатасыз?

Айнуру Алтыбаева: “НУР телеком” Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети тарабынан мыйзамсыз түрдө лицензия алды. Алар биринчи лицензиясын 5 МГц үчүн 300 млн сом төлөшсө, экинчи лицензияны ошол эле комиссиянын чечими менен 1000 сомго алышкан. Менин оюмда бул туура эмес. Себеби мыйзамда көрсөтүлгөндөй, лицензия берерден мурун аукцион өткөрүлүшү керек эле.

Экинчиден, аталган комитет мурда банкрот болгон “Актел” компаниясынын лицензиясын “НУР телекомго” конкурсу жок эле өткөрүп берген. Бул дагы туура эмес деп эсептейм.

Марал: Дагы бир жагдай, ушул жылдын январь айында “Мегаком”  компаниясы аукционго катышып, бир жыштык утуп алышкан экен, анын баштапкы баасы 212 млн сом болсо, алар 400 млн сомдон ашык сатып алышыптыр. Бул жерде мыйзамга карама-каршылык болуп жаткан жокпу? Себеби жеке ишканалар мыйзамсыз жол менен алып, мамлекеттик компания аукционго катышып, ушунча көлөмдөгү акчаны төлөп жатат.

Айнуру Алтыбаева: Туура, мен дагы ошол маселени көтөрүп жатам. Мыйзамда так жазылган, кайсы бир компанияга лицензия берерде сөзсүз аукцион өткөрүлүп, анын жыйынтыгы чыгарылышы керек. Жөн эле бир комиссиянын чечими менен берип салуу туура эмес. Менин оюмча, бул жерде кандайдыр бир жеке кызыкчылык, коррупциялык элементтер бар. Ошондуктан мен парламент жыйынында айтып чыккандай, бул жагдайды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коорупцияга каршы күрөшүү кызматы иликтеп чыгышы керек.

Марал: Сиз бул маселе иликтенип аягына чыгышын талап кыласызбы?

Айнуру Алтыбаева: Бул маселе боюнча тапшырма берилди, мен жооп күтөм. Текшерилгенден кийин, чындыгында коррупциялык көрүнүш бар экендиги аныкталып, кылмыш иши козголсо кабарланат. Эгер көңүл бурулбаса мен дагы маселе көтөрүп, иликтенишин талап кылам.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, жакында эле Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин азыркы жетекчисине бир канча кылмыш иши козголгону айтылды. Балким ошолордун арасында ушул лицензия боюнча иш дагы бардыр, бирок бул менин божомолум гана. Азыр маселе көтөрүлдү, жооп күтөбүз.

Copyright © 2017 Maral FM