Биз менен байланышыңыз

20 миңдей кыргыз мигранты «кара тизмеден» чыгат

Коом | 19 Окт 2018 | 2605 | 0

Орусияда «кара тизмеге» кирген кыргыз жарандары чыгарылат. Буга байланыштуу Кыргызстан менен Орусиянын президенттери сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ага ылайык, Орусиянын аймагында миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн жарандар өлкөдөн чыгып, кайра жаңы миграциялык карта менен кирсе болот. 

27 жаштагы Эльдар Мамытов Орусияда алты жылдан бери эмгек мигранты болуп жүрөт. Ал мындан бир жарым жыл мурун Москвада «кара тизмеге» түшүп калган. Андан улам Кыргызстанга келе албай жүрөт.

-«Кара тизмеге» түшүп калгандыктан Орусиянын чек арасынан чыксам кайра кайтып келе албай калам. Ошондуктан Москвадан кетпей эле жүргөм. Кечээ жаңылыктардан мунапыс боюнча кабарды окуп калдым. Бул мага окшогон эмгек мигранттарына жакшы жаңылык болду.

Бүгүнкү күндө Эльдарга окшогон «кара тизмеге» кирип калган кыргыз жарандарынын саны 70 миңден ашат. Мындан улам Орусия мыйзам бузган кыргызстандык жарандарга миграциялык мунапыс жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинин  басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.

Анын айтымында, мындай саясий чечим Орусия президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бир канча жолку жолугушуусунан соң кабыл алынган. Мунапыс Орусияда бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган же учурда миграциялык эрежелерди бузган жарандарга гана тиешелүү.

Жарандар ноябрь айынан тартып, алдын ала өздөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтынын маалыматтар базасынан текшертип алып, өлкө аймагына кире берсе болот. Бул иш чара 16-ноябрдан башталып, 10-декабрга чейин уланмакчы. Бул маалыматты «кара тизмеге» түшкөн жарандарыбызга толук кандуу жеткирүү үчүн акцияларды баштадык. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарында кабарларды жайылтуудабыз.

Жарыяланган мунапыска ылайык, 20 миңдей кыргыз жараны «кара тизмеден» чыгуусу мүмкүн. «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов кыргыз өкмөтү менен миграция кызматы мунапыс боюнча эмгек мигранттарына маалыматты түшүнүктүү кылып убагында жеткирүүсү керектигин белгилейт.

-«Кара тизмеде» кыргыз жарандарынын саны көп. Алар өз өлкөсүнө келе албай жүрүшөт. Мына эми мунапыс жарыяланып, көптөгөн кыргызстандыктар кайра барып жумуш менен камсыздалат. Өкмөт болгону Орусиянын миграция кызматы кандай механизмди иштеп чыкканын, эмненин негизинде жарлык ишке ашырыла турганын так түшүндүрүп бериши керек.

Молдокматов кошумчалагандай, мурда кыргызстандыктарды кара тизмеден чыгаруу жолу татаал болчу. Өлкө ЕАЭБ киргенден бери бул маселе жеңил чечилүүдө.

Айтсак, кара тизмеде 2015-жылы 180 миң жаран болсо, ал эми 2017-жылы 110 миңге түшкөн. Салыштырмалуу коңшу мамлекеттер Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарын кара тизмеден чыгаруу тататаалдашкан жолдор менен ишке ашырылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бир убактарда өзү дагы Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөн. Ошондуктан мигранттардын көйгөйүн жакындан билерин айтып, мунапыс берилгени жакшы мүмкүнчүлүк деп эсептейт.

-Азыр биздин 1 млн жараныбыз сыртта. Анын басымдуусу Орусияда эмгектенет. 30-40 пайызы үйлүү-жайлуу болушкан. Ошол эле учурда өлкө экономикасынын өсүшүно зор салым кошуп жатышат. 

Кошумчалай кетсек, мындай жеңилдик буга чейин 2015-жылы да берилген. Жаңы жарыяланган мунапыс боюнча керектүү маалыматтар Орусиядагы элчиликте жана бир катар өкүлчүлүктөргө берилмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM