Биз менен байланышыңыз

Өспүрүмдөр үчүн  “115 кызуу линиясы” жаңы форматта иштей баштады

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 681 | 0

Акыйкатчы аппаратынын жашы жете электерге жана жабык мекемелерде калгандарга жардам үчүн “115 кызуу линиясы” жаңы форматта иштей баштады. Бул тууралуу институттун маалымат кызматы билдирди.

Бул долбоорду Эл аралык абак реформасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү колдоп, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууда да көмөк көрсөтүүдө. Алар бир гана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртпастан, өзүн-өзү өнүктүрүү, критикалык ой жүгүртүүнү өөрчүтүү боюнча да тренингдерди да өтүп берүүдө.

Бүгүн, 18-октябрда линиянын жаңы форматта иштеши жана келечектеги пландар боюнча талкууланды. Жарандык укуктун бузулган учурунда эмне кылуу керектиги боюнча сунуштамалар бар, суроо-жооп иретиндеги түзүлгөн жыйнакты даярдоо максат кылынды.

Жыйнак басма жана электрондук түрдө болуп, кыргыз жана орус тилинде басылып, ачылышы 2019-жылдын жазына пландалууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM