Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот: Илмияновго сыртынан айып тагылды

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 1091 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго сыртынан айып тагылды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Соттон тастыкташты. Мекеменин маалыматында Илмияновго коррупция боюнча айып тагылды.

18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Илмияновду камакка алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Анда Илмиянов Кыргызстанга келгенде 48 саттын ичинде УКМКнын тергөө абагына камакка алынышы керектиги жазылат.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева менен байланышканыбызда, ал Илмияновдун үстүнөн ишкер арызданганын, ошонун негизинде кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле Илмиянов менен жай мезгилинен бери байланыша электигин билдирди.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын деген адамдарынын бири Икрамжан Илмиянов учурда кайсы өлкөдө экени белгисиз.

 

Copyright © 2017 Maral FM