Биз менен байланышыңыз

Орусия бир катар кыргызстандыктарды кара тизмеден чыгара турган болду

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 1734 | 0

Орусияда мыйзам бузган кыргызстандык жарандарга миграциялык мунапыс жарыяланды. Мындай маалыматты Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Орусия президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бир канча жолку жолугушуусунан соң мындай саясий чечим кабыл алынган.

Ага ылайык, 1996-жылдын 15-августундагы “Россия Федерациясынан чыгуу жана Россия Федерациясына кирүү тартиби жөнүндө” Федералдык Мыйзамына ылайык, Орусия аймагынан чыгарылган кыргызстандык жарандарга федерациянын аймагына кирүүгө кайра уруксат берилип, кара тизмеден чыгарыла турган болду.

“Кара тизмеден” кимдер чыгарылат:

  • Бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган Кыргызстандын жарандары, (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 4-пункту боюнча)
  • Ошондой эле Орусиянын аймагында мурун турган учурда 30 сутка өткөнгө чейин аймактан чыгып кете албай калган кыргызстандыктар (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 8-пункту боюнча).

Жарандар ноябрь айынан тартып, алдын ала өздөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтынын маалыматтар базасынан текшертип алып, өлкө аймагына кире берсе болот. Бул иш чара 16-ноябрдан башталып, 10-декабрга чейин уланмакчы.

Бул жеңилдиктерди кимдер пайдалана албайт?

  • Орусиянын сот органдары тарабынан өз алдынча чыгууну көзөмөлгө алуу жолу менен Орусиянын аймагынан чыгаруу жөнүндө соттук чечим менен “кара тизмеге” киргендер (соттук чечимди аткарбай РФнын аймагынан чыкпагандар);
  • укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандар;
  • “РФсына кирүү жана РФнан чыгуу тартиби жөнүндө” №114-Федералдык Мыйзамдын 27-беренесинин негизинде өлкөгө кирүүгө тыюу салынган кыргызстандык жарандар;

Кошумчалай кетсек, мындай жеңилдик буга чейин 2015-жылы да берилгендиги маалыматта айтылган. Керектүү маалыматтар Орусиядагы элчиликте жана бир катар өкүлчүлүктөрдө берилмекчи.

 

Copyright © 2017 Maral FM