Биз менен байланышыңыз

Президент: Сот реформасы ишке ашмайын, тынч уктайм деп ойлобогула

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 1434 | 0

«Сот-укуктук реформа качан ишке ашат деп эл күтүп жатат.  Алдыга коюлган маселенин баарын ишке ашырмайынча, тынч уктайм деп ойлобогула».  Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешменин жыйынында айтты. Ал сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилиги караларын билдирди.

Мамлекет башчы сот жана укук коргоо органдары эң коррупциялашкан органдар болуп саналарын, сот реформасы ишке ашмайынча, мамлекет өнүгө албай турганын айтты.

“Биз мындай абалды толугу менен өзгөртүшүбүз керек. Сот-укуктук реформа качан ишке ашат деп эл күтүп жатат, биз жарандардын мүдөөсүн жана ишенимин акташыбыз зарыл. Тилекке каршы, айрым мамлекеттик органдар эч кандай өзгөрүүлөр болбойт, баары мурдагыдай эле калат деп ойлоп жатышат. Андай болбойт, талаптар күчөйт. Алдыга коюлган маселенин баарын ишке ашырмайынча, тынч уктайм деп ойлобогула», — деди Жээнбеков.

Кеңешмеде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, пробация системасын түзүү, сот системасынын жаңы шарттардагы ишке даярдыгы тууралуу маселелер талкууланды.

Бирдиктүү реестр өз ишин 2019-жылдын 1-январынан башташы керек. Ал төрт блоктон турат. Бүгүнкү күндө арыздарды каттоого тиешелүү болгон биринчи блок гана сыноодон өттү.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, Бирдиктүү реестрге этап-этап менен өтүү боюнча системалуу жумуш аткарылып жатат. Жаңы 8 мыйзам, Өкмөттүн 26 токтому кабыл алынышы каралган. Каржылоо маселеси толугу менен чечилди.

Президенттин кайрылуусун төмөнкү видеодон көрүңүз:

Президент сот реформасын ишке ашыруу талабын күчөттү

 

Copyright © 2017 Maral FM