Биз менен байланышыңыз

Уланбек Эгизбаевге «Улут абийири» наамы ыйгарылды

Коом | 18 Окт 2018 | 1454 | 0

Кыска өмүрүндө көпчүлүккө үлгү болуп өткөн маркум журналист Уланбек Эгизбаевге кезектеги наам ыйгарылды. Бул сапар аны «Чеч-Дөбө» кеңеши «Улут абийири» наамына татыктуу көрүп, сыйлыкты ата-энесине тапшырышты. «Уулумдун сыйлыгы эмес, өзү керек болчу»,- деген Жыпар апа тагдырдан качып болбостугун айтып кейиди. «Эми көзү өтсө да элдин жүрөгүнөн орун алып кеткен уулунун эрдиги, сапаты менен келечекте неберем сыймыктанса».-деген кыялын айтты.

-Бизге анын сыйлыгы эмес, өзү керек эле. Бирок айла жок. Тагдыр экен. Эми анын жетишкендиктери менен неберем сыймыктансын. Бала деген дээринен болот турбайбы. Уланым эч качан балага окшоп бейбаштык деле кылбаптыр. Жакшы окуйт эле. Башкача бала болчу.

“Улан Эгизбаев кыска өмүрүндө көпчүлүккө үлгү болуп кетти”,- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Өзү жалгыз болуп укук коргоо органдары аткара турган ишти аткарганын да айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

Бул иш-чаранын мааниси зор. Бирок тилекке каршы, биз аны көзү өткөндөн кийин сыйлык берип жатабыз. Бирок Улан көзү тирүү кезинде эле элдин жүрөгүнөн орун алып калган. Ал жаш бала болуп туруп, чоңдорго үйрөтүп кетти. Өзү жалгыз укук коргоо органдары аткара турган ишти аткарды.

Маалыматка ылайык, “Чеч Дөбө” кеңеши өлкөнүн өнүгүүсүндө салымы бар жарандарга эки жылдан бери Салижан Жигитов атындагы “Улут абийири”, Ишенбай Абдразаков атындагы “Улут үлгүсү” наамын тапшырып келет. Кеңештин мүчөсү, “Кереге” фондунун төрагасы Искендер Ормон уулунун айтымында, сыйлыктын Эгизбаевге тапшырылышы келечек муунга үлгү болот.

Бул кеңеш коомдогу көйгөйлөрдүн чечилишине салым кошуу максатында түзүлгөн. Алардын бири-сыйлык тапшыруу. Өткөн жылы да тапшырылган. Быйыл Уланга тапшырдык. Бул сыйлык келечек муунга жакшы үлгү болот деп ишенебиз.

Кеңешти негиздөөчүлөрдүн бири Олжобай Шакирдин айтымында, Уланбек Эгизбаев кыргыз журналистикасынын бедели түшүп бара жатканда үлгү болуп, “Улут абийири” наамына татыктуу болду. Албетте сыйлыкты көзү өткөндөн кийин алгандыгы өкүндүрөрүн айтты.

Жаш курагына карабай кыргыз журналистикасында жакшы үлгү көрсөтүп кетти. Кыргыз журналистикасынын бедели төмөндөп жатканда кайрадан көтөрө алды. Мындан улам кеңеште да аны көрсөткөндө талашсыз колдоо тапты.

Белгилей кетсек, «Улут абийири» наамынын былтыркы жылдагы лауреаты белгилүү публицист Нарын Айып болгон. Ошондой эле Ишенбай Абдразаков атындагы «улут үлгүсү» наамы география илиминин доктору, белгилүү профессор Эмил Шүкүровго ыйгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM