Биз менен байланышыңыз

Жардыргыч зат чыгарган завод Кыргызстанда алгачкы жолу ачылды

Экономика | 18 Окт 2018 | 1677 | 2

Кыргызстанда биринчи жолу тоо-кен тармагына керектелген жардыруу заттарын чыгарган завод ишин баштады. Расмий ачылышына Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Чүй облусундагы бир катар заводдун иши менен таанышты. Жумушчу сапардын алкагында жардыруу заттарын чыгарган заводдун ачылышы болду. Кемин районунда жайгашкан ишкана жылына 12миң тоннага жакын продукция чыгарат. Мухаммедкалый Абылгазиев завод жергиликтүү калк үчүн жаңы жумушчу орундарды түзүп, экономикага кошкон салымы чоң болорун айтты.

кономикага салым кошо турган инвесторлорду биз колдошубуз керек. Эми жылына бул заводдон жергиликтүү бюджетке 150 млн сом түшүп турат жана жаңы жумушчу орундарын түзүп берет. Бул ишкана ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирди. Чыгарган продукциянын сапаты биримдиктин талаптарына туура келет. Демек бул жакта чыккан продукция бир гана Кыргызстандын ичинде эмес биримдиктин алкагына дагы сатылат. Буга чейин мындай жардыргыч заттарын чет өлкөдөн алып келчүбүз. Эми баардык керектөөгө заттар ушул жерден алынат. Биз ушундай кадамдар менен аймактарды өнүктүрөбүз.

Завод кыргыз-кытай биргелешкен «Салют компани» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жөнгө салынат. Чыккан продукция азырынча ички керектөгө пайдаланылат. Бирок алдыда Евразия экономикалык биримдигине рыногуна чыгаруу пландары коюлуп жатат. Анткени компания үстүбүздөгү жылдын март айында ЕАЭБдин тийиштүү сертификатын алган. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Жан Шоаган айтып берди.

«Салют компани» жоопкерчилиги чектелген коому Кыргызстанда мындан төрт жыл мурун ишин баштаган. Андан бери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишканабызды салып бүтүрдүк. 2016-жылы сынамак ирээтинде биринчи продукциябызды чыгарганбыз. Быйыл 300 тоннаны өндүрдүк. Буюрса, сапаты жакшы жана экологияга зыяны аз. Заводдун кубаттуулугу жылына 12 миң тонна деп эсептелген. Алдыда пландарыбыз көп. Жардыргыч заттардын заман талабына жараша башка дагы түрлөрүн чыгаралы деген оюбуз бар.

Учурда заводдогу жумушчулардын саны 30га жетип, алардын 20сы жергиликтүү тургундар. Алар менен компания ортосунда келишим мындан бир жыл мурда түзүлгөн. Азыркыга чейин ар бир жумушчу 15 миң сомдун тегерегинде айлык алып келген. Эми анын көлөмүн 20 миңден жогорулатып берүү талабы компания жетекчилигине коюлуп жатат. Өздүгүн жашырган кызматкер маяна боюнча маселелесин биз менен дагы бөлүшүп өттү.

Биз иштеп жаткан жер стратегиялык объект болуп саналат. Бул аймак биздин өмүр үчүн өтө кооптуу, башка завод-фабрикалардай эмес. Ошондуктан биз дагы компанияга өз талабыбызды айтып жатабыз. Маянаны жок эле дегенде 25 миң сомго көтөрүп бергиле дедик. Бирок алар макул болбой жатышат. Ошондуктан биз дагы өз укуктарыбызды коргоо үчүн юрист жалдадык.

Азыркы тапта жумушчулар менен келишимдер түзүлө элек.

Өкмөт башчынан жумушчу сапары андан ары Кеминдеги «Алтын-Кен» жана Кант шаарындагы «Кант ТШП» шифер заводуна уланды.

Канттагы шифер завод соңку беш жылда жабдыктарынын басымдуу бөлүгүн модернизациядан өткөрүп, продукциясынын санын көбөйткөн. Ишкананын жетекчиси Санжар Капаров завод азыр чатырлардын бир канча түрүн чыгарып, коңшу өлкөлөргө экспорттоп жатканын  маалымдады.

Бүгүнкү күнү биздин заводдун бир бөлүгү модернизациядан өттү. Мында 50 жылдан бери салтуу чатырларды эмес заман талабына ылайык кылып чыгарып жатабыз. Алардын түрү дагы көбөйдү. Мындан сырткары башка дагы курулуш материалдарды өндүрө баштадык.  Бул жыйынтыкка акыркы беш жылдагы аракетибиздин натыйжасында жетише алдык.

 Кошумчалай кетсек, завод жылына 3-3,5 млн даана шифер чыгарат. Анын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын рыногуна кетсе, дагы бир бөлүгү  коңшу Казакстан жана Тажикстанга экспорттолот.

Copyright © 2017 Maral FM