Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкек шаарына жылуулук берилет

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 705 | 0

Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарына жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Алгач оорукана, бала бакча, мектеп жана башка социалдык объектилер жылуулук энергиясы менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын 65 казан меши, Бишкек жылуулук электр борбору жылуулук берүүгө даяр экенин билдирген.

Эскерте кетсек, сырттагы абанын орточо суткалык температурасы беш күн бою +8˚С болгондо жылуулук берилиши керек.

 

Copyright © 2017 Maral FM