Биз менен байланышыңыз

АКШнын тарыхындагы биринчи командир айым дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 1041 | 0

Генерал-лейтенант Лаура Ричардсон АКШнын Армиясынын эң чоң полкунун командири болуп дайындалды. Бул тууралуу CNN жазып чыкты.

Америка куралдуу күчтөрүнүн мындай чоң полкуна буга чейин бир да аял башчылык кылган эмес. Полкто 776 миң аскер жана 96 миң жарандык топтун мүчөсү бар. Аталган полктун мурдагы командири генерал Роберт Абрамс Кореядагы АКШнын аскердик базасына башчы болуп дайындалып, кызмат ордун бошоткон. Ордуна келген Лаура Ричардсон буга чейин да аскердик ишинде көптөгөн ийгиликтерди багынткан.

Кошумчалай кетсек, Ричардсон 1986-жылдан бери АКШнын Армиясында кызмат кылып, 2012-жылы “Американын 1-командасы” деп аталган Атчан дивизияны башкарган биринчи аял командир болгон.

Кийин 2017-жылы Түндүк Каролинада FORSCOMду башкарган Роберт Абрамстан кийинки биринчи аял командир болгон.

Өзүнүн аскердик карьерасында Лаура Абрамсон аскердик учкуч, вице-президенттин жан сакчысы жана АКШнын сенаты менен аскердик иштер боюнча байланыштын офицери болуп кызмат өтөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM