Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекке жылуулук берүү маселеси чечилет

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 790 | 0

Бишкек мэриясы калаада эки күн аралыгында абанын температурасынын кескин төмөндөшү байкалса, 17-октябрь күнү жылуулук берүү боюнча чечим кабыл алынарын кабарлаган.

Мекеменин маалыматы боюнча, кызматкерлер суу түтүктөрүнүн абалы менен таанышып, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын 65 казан меши жылуулук берүүгө даяр турат.

Мындан тышкары, Бишкек жылуулук электр борбору дагы жылуулук берүүгө даяр экенин билдирген.

Эскерте кетсек, сырттагы абанын орточо суткалык температурасы беш күн бою +8˚С болгондо жылуулук бериле баштайт.

Бүгүн, 17-октябрда борбордо абанын температурасы +1…+3 градустун тегерегинде болууда.

Copyright © 2017 Maral FM