Биз менен байланышыңыз

Президент жергиликтүү сотторго судьяларды дайындады

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 819 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын Чүй облустук сотуна, Ош шаардык сотуна, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондук сотторуна, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна, Нарын облустук сотуна, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Жээнбековго Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан 11 талапкер сунушталган. Мамлекет башчы алардын айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Жыйынтыгында жергиликтүү сотторго 8 талапкер боюнча макулдугун берген.

Экинчи жарлык менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

Чуй облустук сотуна — Адилет Эркебаев;

Ош шаардык сотуна — Гулзат Абсатарова;

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна — Нурлан Баймуратов;

Ош облусунун Өзгөн райондук сотуна — Алмаз Мамашов;

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна — Марат Акбердиев;

Нарын облустук сотуна — Алтынбек Бердибеков;

Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна — Гайратбек Абдисаматов;

Баткен облусунун Баткен райондук сотуна — Индира Турдумамбетова жиберилишти.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM