Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Илимий эмгегимден уялбайм

Пикирлер | 15 Окт 2018 | 609 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде илимий эмгегинен уялбай турганын билдирди.

Эл өкүлү оппонеттери көп экенин айтып, Орусиянын “Диссернет” коомун кимдир бирөөлөр чакырып келгенин белгиледи.

«Диссернеттин» методологиясын карап көрсөк, плагиатты кол менен аныкташат экен. Биз плагиатка каршы программаны алып келгенбиз. Мен китепке шилтеме берсем «америкалык журналды көрсөтпөйсүз» дешет. Өзүмдүн илимий эмгегимден уялбайм. Бирөө айтса туура эмес айттың дебейм. Биздин журналисттер, окумуштуулар баа берсе, ага көңүл бурам», — дейт Жапаров.

Эске салсак, “Диссернет” коому буга чейин Кыргызстанда белгилүү 20 адамдын илимий эмгегинде плагиат бар экенин жарыялаган. Тизмедеги адамдардын катарында Жапаровдун да аты аталган.

Copyright © 2017 Maral FM