Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ар кайсы тармагын өнүктүрүүгө кол кабыш кылган өнөктөштөр менен жолугушууну пландап жатат. Жээнбеков алар менен өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык актуалдуу маселелери боюнча пикир алышууга ниети бар экенин билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн маданият, илим, билим ишмерлери, өкмөт жана парламенттин мурдагы жетекчилери, Кыргызстандын ар кайсы тармагын өнүктүрүүгө кол кабыш кылган өнөктөштөр менен да жолугушууну пландап жатат. Бул тууралуу Талас облусундагы иш сапары учурунда айтты.
Жээнбеков мурда өкмөттү жана парламентти жетектеген инсандар менен ачык сүйлөшүп, өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык актуалдуу маселелери боюнча пикир алышууга ниети бар экенин билдирди.
Ал мындай кадам менен коомдогу бардык прогрессивдүү күчтөрдүн, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошом деген бардык активдүү адамдардын башын бириктирүүнү көздөөдө.
—Мамлекетибизди өнүктүрүүгө милдеттүүбүз. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсо, бардык максаттарга жетебиз. Жалпы кыргызстандыктар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бирдиктүү болгондо гана Кыргызстан туруктуу өнүгөт.
1995-1997-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болгон Мукар Чолпонбаевдин баамында, президент жолугушууда экстер менен саясий, кадрдык жана экономикалык иштер боюнча кеңешип, жардам сурайт.
-Бийликке Жээнбеков өзүнүн командасы менен келген жок. Ал Атамбаев түзгөн команда менен эле бийликке олтуруп калды. Кийинчерээк аппаратында өзүнүн максатын көздөгөн команда жок экени көрүнүп калды. Анын кесепетинен мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков кызматынан кетип, камакка алынды. Ошондой эле чоң кызматтагы кызматкерлер алынды. Азыр үч министрликте орун бош турат. Бирөөсүндө такыр эле жетекчи калбай калды. Демек, мында кадр маселесин терең ойлонууга муктаж болуп калгандыгы көрүнүп турат. Ал эми экстерде кандай кадрлар дайындалышы керек дегенге баа берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ушуларды толук колдонуп кете алса, президент ийгиликке жетишип кете алат деп ойлойбуз.
Жээнбеков жакшы демилге көтөрүп чыкканын белгилеген Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев бул сунушту көптөн бери эле күткөнбүз деди.
-Азыр Кыргызстан абдан татаал экономикалык-саясий чоң чакырыктарга далаалат берүүнүн үстүндө. Ал үчүн Кыргызстан өзүндө болгон бардык адам ресурстарын колдонуусу керек. Президент бул оппозиция, тиги пропозиция дегени туңгуюкка алып барышын баарыбыз эле сезип турабыз. Демек, президент журт атасы катары ушуга көзү жетип, ошону ачык айтканын колдоого алышыбыз керек.
Мамлекет башчы мурунку жетекчилер менен жөн эле кезигип, мындан кийинки өнүгүүнү талкуулабаса, анда жолугушуунун санын көбөйтүүнүн кереги жок дегендер да бар.
Укук коргоочу Токтайым Уметалиева мурунку жетекчилердин көпчүлүгүнө кылмыш иши козголуп, айрымдар өлкө кыйын кезинде качып кеткендер болгонун эске салды. Алар менен президенттин жолугушуунун кажети жок деп эсептейт Уметалиева.
-Убагында Бакиев менен качкандар, 2005-жылы жумушун таштап кеткендер азыр мурунку жетекчилер болуп аталып калды. Алар менен президенттин жолугушуунун кажети жок. Кызматтан отставкага кетсе бир жөн. Ишеним артылып кызмат берилсе, ага жоопкерчилик албастан таштап кеткендерге кылмыш ишин козгоо керек.
Саясат талдоочу Алмаз Акматалиев өлкө башчысы мурунку жетекчилерди ынтымакка чакырууга ниеттенүүдө дейт.
-Мурунку жетекчилер деле оңой-олтоң кишилер эмес. Алардын деле айтчу сөзү, берчү кеңеши бар болсо керек. Сөзсүз эле булардын акылына Жээнбеков муктаж болуп жатат дегенден алысмын. Мындай бир ынтымыкка чакырып, кыргыздын кеңешүү салтын колдонот. Мындан саясатты деле көрүүгө болбойт.
Эске салсак, мамлекет башчы буга чейин бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери, бизнес коомчулугу менен да жолуккан.