Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө мектеп рэкетчилиги азайдыбы?

Билим-маданият | 15 Окт 2018 | 1351 | 0

Бишкекте 8-класстын окуучусу жогорку класстар тарабынан ур-токмокко алынып, ооруканага түшкөндүгү коомчулукту дүрбөттү. Социалдык тармактарда тараган маалыматты көргөн ар бир ата-эне “мектептеги рэкетчилик качан жоюлат?” деген билдирүүлөрдү калтырышты. Буга карата өз учурунда шаар мэри да реакция кылып, жабырлануучу баладан кабар алды. Ал эми ИИМ кылмыш ишин козгоду. Бирок бул окуя рэкетчилик эмес деп билдирүү тараткан ИИМ азыркы күндө мектептерде рэкетчилик азайды дейт. Чындыгында азайдыбы? Ушул суроого жооп издеп көрдүк.

12-октябрда  8-класстын окуучусу 9-класстын балдарынан ур-тормокко алынып, ооруканага түшкөн. Муну өз убагында чечип берүүнү суранып апасы социалдык баракчаларда жазып чыккан эле. Буга карата ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмыш иши козголгон. Ички иштер министрлиги тергөө учурунда бул абалды рэкетчилик эмес, балдар арасында пикир келишпестик деп билдирди. Бирок коомчулук бул көрүнүш мектептерде азыркы күнгө чейин рэкетчилик бар деген коңгуроо деп айтып чыгышты.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылдарга салыштырмалуу мектептерде рэкетчилик азайган. Маселен, өткөн жылы «Опуза талап кылуу» беренеси боюнча 15 кылмыш иши козголсо, быйыл 6 факт катталган. Бул туурасында ИИМ коомдук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан Рашид Карабаев билдирди.

Мектеп рэкети боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Опуза талап кылуу” 170-беренеси боюнча 6 кылмыш иши козголгон. Чүй облусунда 1, Талас облусунда 2, калган облустарда бирден учур катталган. Өткөн жылы болсо 15 кылмыш иши козголгон. Быйылкы 50%дан ашык көрсөткүчкө аз.

Билим берүү жана илим министрлиги рэкетчилик толугу менен жоюлду деп айтууга болбой тургандыгын моюнга алат. «Бирок 2010-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан иш-чаралардын натыйжасында көрсөткүч азайган», — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева. Анын айтымында, бул багытта бир гана министрлик эмес, ар тараптуу иш-чаралар жүрүп жатат. Мектептердеги мындай көрүнүштөрдүн болгондугуна ар кандай факторлор себеп болууда. Буга байланыштуу республика боюнча 3 миңден ашык бала каттоого алынып, 6 миңдей бала мектептердин ички каттоосунда турат.

Республика боюнча 3 миңден ашык бала инспектордун каттоосунда турат. Ал эми 6 миңдей бала мектептин каттоосуна алынган. Булар тобокелчилик тобуна киришет. Алар менен атайын адистер иштешет.

Адистердин айтымында, мектептеги рэкетчиликти жоюуда жаза берүүнү күчөтүү менен эмес, балдарга түшүндүрүү аркылуу гана жоюуга болот. “Балдардын укугун коргоо” лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, рэкетчилик кылууда биринчи кезекте ата-энелер жооптуу. Анткени канчалык мыйзам бузулганда да ага жаза берилбегенин көргөн бала да мындай бейбаштыкка көп барат.

Биз муктаж болгон үй-бүлөнүн балдары ушундай абалга көп барат деп ойлойбуз. Жок, андай эмес. Биз жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, мындайга көбүнесе колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары барат. Алар канча жолу мыйзам бузса да, жазасын албагандыгын көргөн үчүн кайра-кайра бул нерсени жасагандан коркушпайт.

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматы боюнча, рэкетчиликтин азайышынын дагы бир себеби балдар мурдагыдай жашырбай, ачык айтып калышкан. Мында алардын түшүндүрүү иштеринин таасири чоң деп эсептешет.

 

Copyright © 2017 Maral FM