Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязов Жээнбековду КСДПнын талапкери экенин эскертти

Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 1231 | 0

«Мындан толук бир жыл мурун президенттик шайлоо өтүп, биздин талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен». Бул тууралуу Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасынын мурдагы орун басары Фарид Ниязов айтты.

Ал куттуктоосунда: “Өлкөдөгү саясий акыбал, саясий күчтөрдүн бизди ар тарапка бөлүп кеткенине карабай Сооронбай Жээнбековду жалпы жеңишибиз менен куттуктайм!” – деп айткан.

Ниязов мындан тышкары, 2017-жылдын 15-октябрындагы шайлоодо Жээнбековдун утуп чыгышында айыл-шаарларда жан үрөп иштеп берген активисттер менен үгүтчүлөрдүн эмгеги зор болгонун эскертет.

Силер Сооронбай Шариповичтин бул шайлоодо ийгиликке жетишине, анын саясий образын калыптандыруусуна, карапайым калкка түшүнүктүү шайлоо платформасын түзүүгө жардам бергенсиңер”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ал мындан тышкары, учурда ички саясий кырдаалдын өзгөрүүсүнөн улам айрым нааразылыктар бар экенин, бирок тарых баарын өз ордуна коёрун белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM