Биз менен байланышыңыз

Билим берүү жана илим министрлиги «Билим компьютер» басылмасын сотко берет

Кыска кабар | 14 Окт 2018 | 809 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги “Билим компьютер” басылмасын келишимде көрсөтүлгөн милдетин аткарбаганы үчүн сотко берет. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Ага ылайык, аталган басылма 6-класстын “География” окуу куралынын Кыргыз билим берүү академиясынын бекиткенин чыгарган эмес. Анын ордуна “Билим компьютер” өзүнүн версиясын басып чыгарганы маалыматта айтылат.

Ошол себептүү министрлик басылманы сотко берүү менен келтирилген материалдык чыгымды төлөөсүн да талап кылган.

Кошумчалай кетсек, соттошууга себеп болгон “География” китебинин 43 700 тираж менен басып чыгарылгандыгын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM