Биз менен байланышыңыз

Ошто аскердик комиссариаттын кызматкери пара алган жеринен кармалды

Кыска кабар | 13 Окт 2018 | 837 | 0

Ошто пара алгандыгы үчүн аскердик комиссариаттын кызматкери кармалды. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Криминалдык милициянын түштүк аймактык башкармалыгына Кара-Суу районунун тургуну кайрылган. Арыз ээси аскердик комиссариаттын кызматкери баласына аскердик билет жазып берүү үчүн 24 миң сом сураганын айткан. Анын 19 миңин арых ээси төлөгөн. Бирок кызматкер агаг дагы 5 миң сом алып келүүсүн айткан. Калган сумманы берип жаткан учурда кызматкер кармалган.

Буга байланыштуу Ош шаардык прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM