Биз менен байланышыңыз

Караколго жаңы мэр шайланды

Коом | 13 Окт 2018 | 1069 | 0

Караколдун мурдагы мэри Данияр Арпачиев үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өз каалоосу менен кызматтан кеткендиктен, кайрадан шайлоо жүргүзүлдү. Шаар башчылыгына эки талапкер ат салышып, бири шаардык кеӊештин төрагасы, «Табылга партиясынын» лидери Эрлан Айсаракунов, экинчиси азыркы вице -мэр Адыл Каниметов болду. Эл өкүлдөрүнүн жашыруун добуш берүүсү көпкө созулбай, жыйынтыгында, Адыл Каниметов 18 добуш менен алдыга чыкты. Бул боюнча АШКнын төрагасы Эрмек Чымыров билдирди.

-Каракол шаардык кеӊешинин депутаттарынын саны 29, депутаттарга берилген бюллетендердин саны 29, жокко чыгарылган бюллетень жок, жараксыз болгон жок. Добуш төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: Айсаракунов Эрлан Асанкадырович 11 добуш алды, Каниметов Адыл Жангорозович 18 добуш алды.

Шайлоого чейин жергиликтүү жашоочулардын  оюун билүү үчүн Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын Ысык-Көлдөгү өкүлдөрү онлайн түрүндө ачык добуш берүү жүргүзүшкөн. Анда төрага 57 пайыз менен биринчи орунга чыккан. Бирок бул элдин тандоосу эле. Ал эми депутаттардын добушу мыйзам талаптарына жооп берип, ачык айкын болгондугун Замира Оторбаев айтып өттү:

-Биз өзүбүз демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын баракчасы аркылуу ачык айкын элдин оюн угалы дегенбиз. Элдин добуш берүүсү боюнча Э.Айсаракунов 57 пайызга алдыда болду. А.Каниметов экинчи орунду алды. Ал эми дупутаттардын шайлоосу бардыгы мыйзам түрүндө тынч өттү. Аягы эки тарапка теӊ жакшынакай жыйынтыкталды.

Бул жолку мэрди тандоого 31 эл өкүлүнүн ичинен экөөсү белгисиз себептер менен келбей калып, 29 активдүү катышты. Бирок 11 добуш алган кеӊештин төрагасы Эрлан Айсаракунов жаӊы мерди жеӊиши менен куттуктап, мурагы кызматын аркалап, көйгөйлөрдү бирдиктүү чечерин белгиледи. Ошентсе да калаа башчылыкка койгон талапкерлиги тууралу буларга токтолду:

-Биздин шаардык муниципалдык ишканалардын уставдары болобу, шаардын стратегиясы болобу, болуштардын жоболору болобу, баарынын генералдык планы кеӊештен кетип жатат. Негизи мунун баары аткаруу бийлигинен бизге түшүүсү керек эле, биздики тескеринен болчу. Кеӊеш активдүү, аткаруу бийлиги аксап жаткан учуру. Менин талапкер болуп чыгып жатканымдын себебим ошонун токтобой шар кетишине деп чыккан маселебиз да ошондон болчу.

Ал эми добуштан өткөн мэр Адыл Каниметов элдин ишенимин актай тургандыгын айтат. Себеби Караколдун потенциалы чоӊ, аткара турган иштер көп. Эми кызматка киришүсүн шаардагы таза суу, жол маселесин чечүүдөн баштай тургандыгын убадалайт:

Мен Каракол шаарын жакшы билем. Көйгөйлөрдөн ошол эле суу маселеси, себеби аны эл катары менин балам да, үй-бүлөм да ичет. Андан сырткары жол, мектептер, иригациялык маселелер көп. Алардын баарын программанын негизинде иштей баштайбыз. Мен дагы жакшы шартта жашагым келет.

Белгилей кетсек,  А.Каниметов 2016-жылдан бери Каракол шаарынын мэринин 1-орун басары болуп келген. Ал-Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жанкороз Каниметовдун уулу.

 

Copyright © 2017 Maral FM