Биз менен байланышыңыз

Ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн жаран табылды

Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 1500 | 0

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн жаранды табышты.

Ал Ош шаарынын тургуну Алымбек Абдыкалыков экени белгилүү болду. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Кызматкерлер менен жолукканда Абдыкалыков 2014-жылы Москвадан келе жатып Алматыда жашаган досуна кезиккенин, анын үйүнөн ак илбирстин терисин көрүп калып сүрөткө түшүп калганын айтты.

Мекенге кайтып келген соң сүрөттү социалдык тармакка жүктөп койгондугун кошумчалады. Агенттиктин кызматкерлерине бул кылган иши үчүн өкүнүп жаткандыгын айтып, башка мындай нерсе кайталанбастыгын айтып убада берди.

Эскерте кетсек, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине ак илбирсти жамынып сүрөткө түшкөн адамга чара көрүү боюнча кайрылуу түшкөн. Бул сүрөт социалдык тармактарга жайылып, колдонуучулардын сынына кабылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM