Биз менен байланышыңыз

Чүйдө курал-жарак катылган жер табылды

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 708 | 0

1-октябрда Чүй облусунун Озерное айылында курал-жарак катылган жер табылды. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Ага ылайык, аныкталган жерде “Макаров” тапанчасы жана номерлери өчүрүлгөн “Иж” травматикалык тапанчасы, мынтык, ар кандай калибрдеги 77 ок жана желим октор табылды.

Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, курал-жарак жана ок-дарылар жарактуу болуп чыкты.

Учурда чогулган материалдар УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына жиберилди.

Copyright © 2017 Maral FM