Биз менен байланышыңыз

Икрамов: «Эйр Кыргызстан» банкрот болду

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 660 | 0

Бүгүнкү күндө «Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болду. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.

Анын айтымында, мунун баарына  компаниянын жетекчиси күнөөлүү. Буга чейин эле аталган компаниянын жетекчисинин маселесин көтөргөн. Бирок өкмөт тараптан эч кандай аракет болгон жок. «Эйр Кыргызстанды» банкрот кылган жетекчини кызматта кармап олтурат.

«Кандай иштерди жасаганын айткам. Жалгыз учагыбыз чет өлкөдө ижарада жүрөт. Апрелде келишим аягына чыгып, учагыбыз кыргыз өлкөсүнө кайтмак. Бирок дагы деле дайыны жок. Ушуну текшерүүгө алыңыздар. Балким, сатып жиберишкендир«, — деди ал. 

Эске салсак, Жогорку Кеңеште мамлекеттик жалгыз “Эйр Кыргызстан” авиа компаниясын сатуу сунушу көтөрүлгөн. Депутат Адыл Жунус уулу компаниянын эң жакшы киреше тапкан учурдагы каражатын ресторандын тапкан кирешесине салыштырып, сындаган. Мындай жагдайдан чыгуу үчүн эл өкүлү компанияны чет элдик инвесторлорго сатууну сунуштап, айрым маалыматтарга таянып, азырынча Кытай алууга кызыктар экенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM