Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Өкмөткө билим берүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу милдети коюлган

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 713 | 0

Советтик билим берүү системасы коомдун ошол кездеги керектөөлөрүнө жараша болгон. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү кызматкерлеринин V съездинде билдирди. Ошол кезде баары дүйнөдөгү атаандаштыкка туруштук берген системанын өкүлү болгонун айтты.

Биздин жалпы билим берүү мейкиндигибиз болушу керек. Ошондуктан өкмөткө Кыргызстанда билим берүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу милдети коюлган. Мен билим берүү системасынын алдына мектеп буга чейин топтолгон билимдерди берүүчү гана жер болбостон, биздин жаш муундар каалаган убакта, каалаган жеринде өмүр бою жаны билимдерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган жайга айландыруу үчүн аны кандайча реформалоо керек деген маселени койдум,-деди президент.

Кошумчалай кетсек, Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү кызматкерлеринин жана мугалимдеринин V съезди өтүүдө. Иш-чара 12-октябрда да уланат.

Copyright © 2017 Maral FM