Биз менен байланышыңыз

Депутат мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү талап кылды

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 728 | 0

Облус, министрликтерди жоюп болсо да мугалимдердин айлыгын көтөрүү керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев айтты.

Эл өкүлү  мугалимдердин айлыгы көтөрүлмөйүн өлкөдө өнүгүү болбой турганына токтолду.

Анын айтымында, өкмөт «аймактарга чыгып билим берүү тармагын жакшыртыш керек» деп кооз сүйлөп жатат. Бирок өлкөдө мугалимдердин айлыгы аз. Билим берүү тармагын жакшыртмайын эч качан өнүгүү болбойт.

«Мен ойлойм, керек болсо облустарды, министрликтерди жоюп болсо да мугалимдердин айлыгын көтөрүү керек. 8-10 миң сом алган мугалим кантип сапатту билим бере алат?»,-деди Нурбаев.

Ошондой эле депутат мугалимдер ипотекалык үй алып жатканда баштапкы 30 пайыздык баа көп экендигин айтып, өкмөттөн ушул маселелерди чечүүгө аракет кылууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM