Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин унаасы уурдалды

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 890 | 0

иллюстрациялык сүрөт

10-октябрга караган түнү Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин Тойота Хайландер” маркасындагы кызматтык унаасы уурдалды. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, окуя болгон жерде Украинанын Ички иштер министрлигин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүшкөнү кабарланды. Бул факты боюнча Украинанын Кылмыш-жаза кодексинин 289-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Украинанын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөнү билдирүүдө айтылат.

Кошумчалай кетсек, президенттин бир тууганы Жусупбек Шарипов учурда Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM