Биз менен байланышыңыз

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин съезди өтөт

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 746 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V Съезди өтөт. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, илимий иш-чарага Казакстандан, Беларусиядан, Орусиядан, Армениядан, Түркмөнстандан жана Тажикстандан 70 делегат келди. Съезддин ачылышы Ала-Арчадагы мамлекеттик резиденциясында болуп, секциялык отурумдар ар кандай окуу жайларда өтмөкчү. Иш-чара эки күнгө созулуп, “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШнын катышуучу – мамлекеттердин билим берүү системаларын өнүктүрүү” темасынын алкагында жүрмөкчү.

Кошумчалай кетсек, келген делегациянын курамында мугалимдер, ар кандай багыттагы билим берүү кызматкерлери бар.

Copyright © 2017 Maral FM