Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ИДПнын өсүшү байкалды

Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 765 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 368 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.  Алдын ала баалоо боюнча бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу анын 1,2 пайызга өскөн.

“Кумтөр” алтын кенин эске албаганда ички дүң продукциясынын 9 айдагы көлөмү 336 миллиард сомду түзүп, 2,4 пайызга өскөн.

26-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыл соңуна чейин ИДПнын көлөмү өнөр жай секторунун эсебинен көбөйө турганын билдирген. Ал үчүн Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн жана өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү тууралуу макулдашылганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM