Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Султан агай жөнөкөйлүгү, мекенчилдиги менен эсимде калат

Коом | 9 Окт 2018 | 1190 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 59 жашында 8-октябрга караган түнү дүйнө салды. Маалыматка ылайык, ал  буга чейин ооруп, дарыланып жүргөн. Маалыматка ылайык, маркумду 10-октябрда саат 10.00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Андан кийин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. 

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 59 жашында дүйнө салды. Замандаштары аны мекенчил, ак иштеген, патриот катары үлгү болгонун айтып, өзүнүн чөйрөсүндө, журналистикада, акыркы жолу кызмат өтөп жаткан министрликте да чоң өзгөртүүлөрдү жасап кеткенин эскеришти.

Курсташы акын Кыялбек Урманбетов аны тамашакөй, чынчыл, мекенчил киши эле деп эскерет. «Айрыкча ага жүктөлгөн милдетке жоопкерчиликтүү карап, таза иштеш керек деп аракет кылат эле»,- дейт.

Жок жерден күлкү чыгарып, өзү тамашакөй болчу. Акыркы жолу министрликте иштеп жатып да аябай чынчыл болчу. Анан мага айткан сөзү эсимде. «Досум, эртең сага бул министр досуң экен деп бирөө ортого сала турган болсо, мага антип келбечи»,- деп өтүндү эле. «Таза иштейли, эртең сөз болбойлу»,-деп айтканы эсимде.

Акын, журналист Нуралы Капаров Жумагуловдун өзгөчө ойлонгонун баалайт. Жашоого оптимисттик көз караш менен караган ак ниет инсан эле деп эскерет.

-Кыргыз журналистикасында деңгээлин, анан маданиятын көтөргөнгө аракет кылат эле. Азыркы учурда кыргыз журналистикасы жүдөп турган кез. Ошондой учурда Султан Жумагуловдой жаңычыл, аракетчил, тажрыйбалуу инсанды жоготуу оор болуп турат.

Жумагулов кыргыз журналистикасында чоң тажрыйба, өзгөчө ыкманы калтырып, артында көптөгөн шакирттерди тарбиялап кетти. Журналист Марат Токоев кыргыз журналистикасында жаш муун түздөнүп, үлгү алган киши эле деп эскерди. «Бир гана кесипкөйлүгү жагынан эмес, өзүнөн кичүүлөргө адамдык сапаттары, айланасындагыларга болгон мамилеси менен үлгү ала турган инсан болчу, аны жоготконуна ишене албай турам,»-дейт.

-Чындыгында Султан агамды жоготконубузду укканда ишене албадым. Биз үчүн оор жоготуу болду. Ал бир гана кесипкөйлүгү жагынан эмес, адамдарга болгон мамилеси да үлгү ала тургандай эле.

Журналисттик карьерасында бир катар мамлекеттик жана эл аралык массалык маалымат каражаттарында иштеген Султан Жумагулов артынан көптөгөн шакирттерин калтырып кетти. Алардын бири эл өкүлү Жанар Акаев маркум устатынын журналистикага болгон башкача көз карашын баалап, үлгү алып келгенин айтат. Дайыма өзүн жөнөкөй алып жүргөнүн, министр болуп турган учурда да чет өлкөгө алып бара турган белегин өзүнүн чөнтөгүнөн акча чыгарып алганын көрүп таң калганын эскерет.

Мен агайдын эки нерсесин эстейм. Профессионал журналист жана мекенчил болчу. Жөнөкөй текстти жазганды, элдин тили менен жазганды агайдан үйрөндүк. Журналисттер силер тема издеп жүрөсүңөр, а темалар силердин алдынарда жатат деп калчу. Чындыгында, мыкты журналист эле. Ал эми министр болгонунда жөнөкөйлүгүнөн тайган жок. Бир жолу Түркияга Ош базарынан бир эстелик алыптыр, оймо-чиймелер түшүрүлгөн кездемени 3 миң сом экен деп көрсөттү. Анан өзүнүн каражатына алыптыр, бюджеттен белектер үчүн акча албаш керек дегенин угуп таң калгам. Мисалы, башкалар өзү барып алмак турсун, белекке деп бюджеттен ала беришет го.

Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Журналисттик кесибин бир катар мамлекеттик жана эл аралык массалык маалымат каражаттарында иштеп, жетекчилик да кылган.

2017-жылдын ноябрь айынан бери Маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеди.

Маалыматтарга ылайык, Жумагулов буга чейин ооруп, дарыланып жүргөн.

«Марал» радиосунун жамааты Султан Жумагуловдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Copyright © 2017 Maral FM