Биз менен байланышыңыз

Таласта 225 орундуу мектеп ачылды

Кыска кабар , Сүрөт | 9 Окт 2018 | 1428 | 0

Бүгүн, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кара-Буура айылындагы орто мектептин ачылышына катышты.

Анда өлкө башчы региондорду өнүктүрүүдө эл өзү демилге көрсөтүп, социалдык, маданий, спорттук объектилерди куруп, алгылыктуу иштер менен толуктап жатканын айтып, демилгелүү инсандарга, айыл жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.

“Учурда технологиялар тез өнүгүп жаткан мезгилде, балдарыбыз гана эмес, педагогдор дагы, баардыгыбыз окуп жана өзгөрүп, мезгил менен кошо кадам шилтегенге милдеттүүбүз. Балдардын толук кандуу билим алышы үчүн мамлекет тарабынан бардык аракеттер жасалып жатат”, — деди Жээнбеков.

Быйыл республикалык бюджеттин эсебинен жер-жерлерде 156 мектеп, анын ичинде Талас облусунда 22 мектеп курулуп жатат. Башка булактардын каражаттарынын эсебинен дагы 27 мектеп курууга даярдык көрүлүүдө. Андан кийинки жылдары дагы 100дөн ашуун жаңы мектеп курулат.

Таласта ачылган А.Умарбеков атындагы 225 орундуу мектептин курулушуна “Жерүй” кенин иштетүүдөн 24 миллион сом, республикалык бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM